МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук жамааттарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусу

Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Ош облусунун Чоң-Алай, Нарын облусунун Кочкор, Чүй облусунун Аламүдүн, Панфилов, Москва, Жайыл, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын  (мындан ары-АШК) резервдерин  толуктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан жана саясий партиялардан өкүлдөрдү көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.

Ошондой эле Баткен, Лейлек, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Кочкор, Чоң-Алай, Аламүдүн, Панфилов, Москва, Жайыл, Ак-Суу АШКларынын резервинде саясий партиялардын өкүлдөрү жок болуп жаткандыктан,  толуктоо зарылдыгы келип чыккандыгын белгилейбиз.

Талапкерлерди АШКлардын резервдерине көрсөтүүдө жарандардын өзүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук жашоого катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу кажет.

Көрсөткөн субьекттер, шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкердин, эреже катары, тийиштүү калктуу пункттун аймагында жашашы кажет экендигин эске алуу зарыл.

АШКнын резервине талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын жыйындарынын протоколдору жыйындын төрагасынын жана катчысынын кол тамгалары  менен күбөлөндүрүлүшү зарыл. Протоколго кол тамгалары коюлган, жашаган жерлери көрсөтүлгөн жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:

- талапкердин АШКнын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

- паспортунун көчүрмөсү;

- Иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы, резюмеси);

- Байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону (үй, уюлдук телефондор, электрондук почтасы).

 Баткен, Лейлек, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Кочкор, Чоң-Алай, Аламүдүн, Панфилов, Москва, Жайыл, Ак-Суу АШКларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө шайлоочулардын жыйындарынан протоколдору  2017-жылдын 10-мартынын саат 18:00 чейин тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (жергиликтүү кеңештер) кабыл алынат.

Баткен, Лейлек, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Кочкор, Чоң-Алай, Аламүдүн, Панфилов, Москва, Жайыл, Ак-Суу АШКларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору  2017-жылдын 10-мартынын саат 18:00 чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында кабыл алынат.

 

Сурап-билүү телефондору: 66-01-09  66-51-86    www.shailoo.gov.kg.

 

 

Карап чыгуулар: (649). 14 Февраля 2017 г.