МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШК Европа Советинин Венециан комиссиясынын эл аралык эксперттери, ПРООНдун өкүлдөрү менен БШКнын жаңы расмий сайтынын структурасы жана функциясы тууралуу жумушчу жолугушуу өткөрдү

Борборшайлоокомдун төрагасы Н. Шайлдабекова жумушчу жолугушууну ачып жатып, жаңы сайттын структурасы менен функциясын талкуулоодо мындай деди: "КР БШКсы жаңы сайтты түзүп, ишке киргизүүү боюнча  жакшы практик болуп калды, анда анын иштөө функциялары жакшырып, шайлоо процессине катышуучулардын, шайлоочулардын арыз жана кайрылууларына көңүл буруу жакшырат".

Өз кезегинде КР БШКсынын өнөктөшү болгон, Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун  "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо" аттуу каржы келишиминин негизинде иштеп жаткан Европа Советинин   Венециан комиссиясынын өкүлдөрү  БШКнын жаңы расмий сайтын түзүү боюнча жана анын натыйжалуу иштеши үчүн БШКга жардам берүүгө даяр экенин белгилешти.

Ошондой эле жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Европа Советинин Венециан комиссиясынын эксперти Сергей Кальченко чет элдик шайлоо комиссияларынын сайттарынын иш тажрыйбалары тууралуу ой бөлүштү, ал катышуучуларды Азербайжан, Болгария, Грузия жана АКШнын шайлоо органдарынын сайттарынын иши жөнүндө айтып берди.

КР БШКнын жаңы расмий сайтын иштеп чыгуу ПРООНдун колдоосунда ишке ашып жатат.


БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү 

Карап чыгуулар: (126). 18 Мая 2017 г.